Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII cессиясы

 

2023-жылдын 28-декабрындагы № 98

Кызыл-Бел айылынын тургуну Н. Салиевдин жеке менчик жерине логистикалык борбор курууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №16 протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Н. Салиевдин өзү өздөштүрүп пайдаланып жүргөн 1,30 га жеке менчик жер аянтынын ичинен 0,30 га жер аянтына айыл чарба шаймандарын сактоочу, мөмө-жемиштерди кургатуучу логистикалык борбор курууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:   

Ж.Шадиманова