Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 13-сентябры № 164
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 18-пунктта "бир жолу" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:
"28) тарифтин чектик деңгээли - ЭКБдан алынуучу энергиянын бардык түрлөрүнө баалардын максималдуу чоңдугу. Тарифтин чектик деңгээли төмөндөшү мүмкүн.";
3) 12-беренеде:
а) 7-пункттун биринчи абзацында "тариф" деген сөз "тарифтин чектик деңгээли" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) инвестициялык макулдашуунун жана (же) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагында ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер чет өлкөлүк валютанын улуттук валютага карата алмашуу курсунун өзгөрүшүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте ай сайын индексацияланууга тийиш;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 1%ы ЭКБ субъекти тарабынан аймагында ЭКБ объекти жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пайдасына бөлүнүп берилүүгө тийиш.";
4) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:
"11. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ЭКБ субъекттери үчүн берилген электр энергиясына жеңилдетилген мезгил ЭКБ субъекттери үчүн ушул Мыйзамда белгиленген электр энергиясына тарифти эсептөө менен жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.
12. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого (курулушу бүтүп, эксплуатациялоого киргизилген объекттин ылайыктуулугун баалоо актысы) киргизилген, бирок жеңилдетилген мезгилди жана тарифтик преференцияларды албаган ЭКБ субъекттери ушул Мыйзамда каралган жеңилдетилген мезгилге жана тарифтик преференцияларга укуктуу.
Жеңилдетилген мезгил жана тарифтик преференциялар ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксплуатациялоого киргизилген жана ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып иштеген жылдарды эсептен чыгаруу менен жекече белгиленет.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 71 (3625) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 11-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |