АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 7-сессиясы
2022-жылдын 27-январы № 5
Аманбаев айылдык кеңеши Аманбаев айылынын тургуну Жаныбаев Талайбектин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 22-ноябрь 1994-жылдагы №830 токтомун эске алуу менен мамлекеттик менчикти приватташтыруу жѳнүндѳгү номери 1385 мыйзамын аткарууда Кара-Буура районунун эмгек жааматынын жалпы чогулушунун 30-декабрь 1994-жыл №6 токтомун жана 11-октябрь 1994-жылдагы №11-211 токтомун ишке ашыруу иретинде Аманбаев айылындагы Осмоналиев кѳчѳсүнүн №45 дарегиндеги 0,71 га жер аянтын айыл чарба багытындагы сатып алган жеке менчик жер участогунун багытын (профилин) өзгөртүү жөнүндөгү маселени талкуулап
Токтом кылат:
1.Жаныбаев Талайбектин кайрылуусу канаттандырып менчиги деп табылсын, 0,71 га ѳлчѳмү каттоодон ѳткѳрүлсүн.
2. Иш- кагаздарын өзгөртүү үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен макулдашылсын.
3. Иш- кагаздарынын мыйзамдуулук жагын алып барууга жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |