Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели №3.

 

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз  айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө 

 

   IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 14-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

             

1. Ак Муз айылын дагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчасына  Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №415  “Мектепке чейинки  билим берүнү өнүктүрүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтомун эске алып жана  Ат-Башы райондук  өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнүн 2024-жылдын 19-январындагы №21  катында  М.Субагожоев көчөсүндөгү №33 турак  үйдө  кошумча корпус  катары  иш алып баруусуна  каршылык  жок экендиги көргөзүлгөнүн жана дагы

 НРАОААжМСЭКБМнин  Ат-Башы району  боюнча  бөлүмүнүн 2024-жылдын 29-февралынын  №95 катында бала бакчага кошумча  корпус ачууга уруксаат берилгендигин

       НАРЫНСКОЕ РЕГИОНАЛЬНОЕ УПРАВЛЕНИЕ ПО ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВУ И АРХИТЕКТУРЕ.ТЕХНИЧЕСКОЕ ЗАКЛЮЧЕНИЕ №15  04-апрелде  бала бакчага кошумча корпус ачууга уруксат берилгенин эске алып Ак-Муз айылынын М. Субагожоев көчөсүндөгү №33 жайгашкан жеке менчик турак үйүн кошумча корпус катары пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2. Ак Муз айылын дагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчасына    Ак-Муз айылынын М. Субагожоев көчөсүндөгү №33 жайгашкан жеке менчик турак үйү пайдаланууга  үч тараптуу ижара келишимин тактап түзүү жагын Ак-Моюн айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Штаттык бирдиктерди түзүп айлык акысын чечтирип берүү жагы  Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын

 

4.Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө   калтырам.

 

 

 

Төрага:

Ж. Алыбаев