Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын 8-сессиясы

2022-жылдын 18-февралы № 6

Аманбаев айыл аймагынын Аманбаев, Курумаймак айылына кыска мѳѳнѳттѳгү бала бакча ачуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрь 03-1-4068 маалымат каты жана Аманбаев, Курумаймак айыл тургундарынын кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Аманбаев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүнү муниципиалдык менчигиндеги имаратынан (бала бакча) 3-5жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга, 2 тайпага ылайыкташтырылган бѳлмѳлѳр берилсин..

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.