БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-августу № 103
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы жайгашкан мектептерге, “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасына керектелүүчү каражаттарды сактоо үчүн 8( сегиз) даана 40(кырк ) тонналык контейнер алуу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 1 040 000(бир млн. кырк миң) сом акча каржатын Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |