БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-августу № 109
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын тургундарын тейлөөчү автобус (электробус) сатып алууга 22 000 000 (жыйырма эки млн. ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Сатып алынган автобус аймактагы калкты тейлөө үчүн Талас шаарына күнүнө 3(үч) жолу маршруттук каттам жасоосу белгиленсин.
3.Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |