Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 572
Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонддун маселелери жөнүндө
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган:
1) бир айлык мөөнөттүн ичинде банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонддун (мындан ары - адистештирилген фонд) эсебин түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
2) адистештирилген фонддун каражаттарын контролдоону жана берүүнү ушул токтом менен бекитилген Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 18-декабрындагы № 747 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн адистештирилген фонддун эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктарын ушул токтомдун 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык түзүлүүчү адистештирилген фонддун эсебине которсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 18-декабрындагы № 747 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 18-декабрындагы № 747 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 18-декабрындагы № 747 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |