Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 9-сессиясы
2022-жылдын 27-апрели № 2
Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн жайыттары жѳнүндѳ
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренсине ылайык Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаттарынын 8-чакырылышынын 9-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин тѳмѳнкү сунуштагандары бекитилсин:
-2022-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы тѳлѳмѳнүн ѳлчѳмдѳрү:
Ири мүйүздүү мал-бир баш үчүн 65 сом:
Кой-эчкилер-бир баш үчүн 13 сом:
Жылкылар-бир баш үчүн 65 сом.
-кирешелер жана чыгашалар сметасы (1-теркеме).
3. Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджеке жыйноо жана келип түшкѳн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Мураталиева Б.М жүктѳлсүн.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |