Загрузка документа…
СОВЕТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-мартындагы № 23/2
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын (COVID-19) пайда болуу жана жайылтуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү»№163 токтомун жана коронавирустун алдын алуу максатында 2020-жылдын 22-мартынан Кыргыз Республикасында озгочо кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу Совет айыл аймагынын айыл окмотунун аймагында тартипти сактоо максатында спирттик ичимдиктерге чектөө киргизүү жөнүндө»
Совет айыл аймагынынын айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма учунчу сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын (COVID-19) пайда болуу жана жайылтуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү»№ 163 токтомун жана коронавирустун жайылтуу кокунучунун алдын алуу максатында 2020-жылдын 22-мартынан Кыргыз Республикасында озгочо кырдаал режими киргизилгендигине жана 2020-жылдын 25-марттан Кыргыз Республикасында 42 коронавирус менен ооруган адамдар аныкталгандыктан Кыргыз Республикасынын 2 облус, 2 шаар,уч районго комендаттык саат киргизилгендигине байланыштуу Совет айыл аймагынын айыл окмотунун аймагында тартипти сактоо максатында жана элдерден түшкөн сын сунуштарды эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыннын аймагында 2020-жылдын 22-мартынан баштап коронавирус инфекциялык оорусунун жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу карантиндин эрежелерин сактоо менен ар бир үй-булөнүн ден соолуктарын сактоо ,айылдагы ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорлотуу максатында айыл аймагындагы дукөндөрдө мыйзам чегинде руксат кагазы болбосо спирттик ичимдиктерди сатууга 2020-жылдын 25-мартынан баштап тыюу салынсын.
2. Ушул токтомду аткарбаган жеке ишкерлерге мыйзам чегинде айып пул салуу боюнча жумуштарды алып баруу бузуулар боюнча комиссияга тапшырылсын жана ар жеке ишкерге түшүндүрүү иштери жүргүзулсүн
3. Жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасында абал турукташканга ,карантин жоюлганга чейин айылдын калкын азык-тулук менен камсыздоо,спирттик ичимдиктердин ордуна кунумдук керектелуучу азык –тулуктөрдун көлөмун көбөйтүү жагы милдеттендирилсин.
4. Азык-тулук менен калктын камсыз болушун көзөмөлдөө жана бааларды турукташтыруу жагы Совет айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Осмоновага жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду жеке ишкерлерге жеткирип тааныштыруу жагы штабга жана кенештин атайын комиссиясына жүктөлсүн(Ражаева С,Джахбаров Ю)
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Кенешинин торайымы |
| У.Коргонбаева |