Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 572 токтомуна) |
Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонддун (мындан ары - адистештирилген фонд) каражаттарын каржылоо булагын жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Адистештирилген фондду түзүүнүн негизги максаттары:
1) жок карызкорлордун же активдери жетишсиз чарбакер субъекттердин банкроттук процессин камсыз кылуу;
2) администраторлордун ишине кошумча кепилдиктерди түзүү;
3) Мыйзамдын 55-1-беренесине ылайык талап кылуу укугуна жол берүү жөнүндө келишимдин негизинде банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга берилген активдерди сатуу жана бөлүштүрүү боюнча чараларды камсыз кылуу;
4) банкроттук процессин жакшыртууга багытталган иш-чараларды жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча ишин Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүү.
2-глава. Адистештирилген фондду каржылоо булагы
3. Адистештирилген фондду каржылоо булагы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунан которулган каражаттар;
2) мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын кошпогондо, Мыйзамдын 27-8-беренесине ылайык карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылганда кредитор (кредиторлор) тарабынан которулган акча каражаттары (банкроттук процессинин чыгымдарынын сметасы банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын бекитилет);
3) жеке жана (же) юридикалык жактардан, анын ичинде мамлекеттик органдардан демөөрчүлүк жана гранттык жардам, ошондой эле ыктыярдуу төгүмдөр түрүндө келип түшкөн каражаттар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
3-глава. Адистештирилген фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Адистештирилген фонддон каражаттарды кармоо, контролдоо жана берүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган адистештирилген фонддун каражаттарын биринчи кезекте төмөнкүлөрдүн чыгымдардын ордун толтурууга пайдаланат:
1) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жыл сайын бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык жок карызкорлордун же активдери жетишсиз чарбакер субъекттердин банкроттук процессинде, анын ичинде Мыйзамдын 73-1-беренесинин 6-пунктунда белгиленген бир жолку сый акынын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө администраторго сый акы төлөөгө;
2) Мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык жок карызкорго же активдери жетишсиз чарбакер субъекттерге карата администратор катары банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүүнү камсыз кылуучу банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкерлерине;
3) Мыйзамдын 55-1-беренесине ылайык администраторлор тарабынан өткөрүлүп берилген активдердин сакталышын, сатылышын жана бөлүштүрүлүшүн камсыз кылууга байланышкан банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын чыгымдарына.
4-глава. Адистештирилген фонддон каражаттарды берүү тартиби
6. Адистештирилген фонддон каражаттарды берүү жана алардын пайдаланылышын контролдоо банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Жок карызкорлорго же активдери жетишсиз чарбакер субъекттерге карата банкроттук процессин камсыз кылуу максатында адистештирилген фонддон каражаттарды алуу үчүн администратор банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) жок карызкордун мүлкүнүн жоктугун же активдердин жетишсиздигин тастыктаган документтерди (эсептерде акча каражаттарынын жоктугу жөнүндө финансы-кредиттик уюмдардын маалымкатын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын маалымкатын, Мыйзамдын 71-беренесинин 1-пунктуна ылайык активдердин жетишсиздиги жөнүндө карызкордун финансылык абалына талдоону);
2) соттун аныктамасынын көчүрмөсүн тиркөө менен адистештирилген фонддон каражаттарды берүү жөнүндө администратордун арызы, анын резолюциялык бөлүгүндө төлөнүүгө тийиш болгон сумма көрсөтүлөт.
8. Жок карызкорлордун же активдери жетишсиз чарбакер субъекттердин банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтурууга адистештирилген фонддон акча каражаттары акыркы отчет сот тарабынан бекитилгенден кийин, карызкордун банкроттук жол-жобосу аяктагандан, ошондой эле иштеп жаткан юридикалык жактардын реестринен карызкор чыгарылгандыгын тастыктаган документтер берилгенден же жеке ишкер катары каттоо токтотулгандан кийин бөлүнөт.
Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн документтер администратор тарабынан банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга кагаз же электрондук форматта (расмий веб-сайты, электрондук почтасы, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын тиркемеси аркылуу) берилиши мүмкүн.
9. Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди кароо, ошондой эле ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга акча каражаттарын берүү жөнүндө корутунду берүү адистештирилген фонд боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Адистештирилген фонд боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган адистештирилген фонддон акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
11. Адистештирилген фонддун жыл аягына чейин пайдаланылбаган каражаттарынын калдыктары кийинки жылга карата сметанын киреше бөлүгүнө которулат.