Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-августу № 115
Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну Жаныбек кызы Мунаранын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну Жаныбек кызы Мунаранын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жаныбек кызы Мунаранын жашоо шарты начар, бир баласы инвалид, күйөсү Жунушалиев Рысбек 6-айдан бери неврология боюнча ооруп келет, медициналык текшерүүдөн өтүүгө,даарылатуу үчүн 150 000 (жүз элүү миң ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |