Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 444
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
- 390, 401-пункттарда "АЧМ" деген аббревиатура "ӨКМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 395-400-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
395 | Токой отургузууга волонтерлорду, студенттерди жана мектеп окуучуларын, жергиликтүү калкты ж.б. тартуу менен токойдун аймагын көбөйтүү | Отургузуу материалын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү | Жыгач жана бадал породасындагы отургузуу материалдарынын көлөмү көбөйтүлдү: - 8 млн. түпкө чейин; - 9 млн. түпкө чейин; - 15 млн. түпкө чейин | ӨКМ | IV кв. 2022 IV кв. 2023 IV кв. 2026 | Республикалык бюджеттин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
396 | Республиканын аймагында токойду массалык түрдө отургузуу жана себүү | 6 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде: - 4 млн. түп отургузулду; - 2 млн. түп себилди | ӨКМ, САЧ КӨМ, ЖРЭТ КМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | IV кв. 2022 | Республикалык бюджеттин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
397 | 7 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде: - 4,5 млн. түп отургузулду; - 2,5 млн. түп себилди | IV кв. 2023 | ||||
398 | 8 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде: - 5 млн. түп отургузулду; - 3 млн. түп себилди | IV кв. 2024 | ||||
399 | 8,5 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде: - 5,5 млн. түп отургузулду; - 3 млн. түп себилди | IV кв. 2025 | ||||
400 | 9 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде: - 6 млн. түп отургузулду; - 3 млн. түп себилди | IV кв. 2026 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |