Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели №5.

Ак-Моюн айыл өкмөтү менен Мегаком компаниясынын келишими

 жөнүндө 

 

   IX чакырылыштагы  Ак-Моюн айылдык кеңешинин жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

             

1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Бирлик айылын дагы  “Бирлик Булак” таза суусунун мунарасындагы Мегаком компаниясы менен  Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн буга чейинки түзгөн келишими жокко чыгарылсын.

2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык Муниципалитети менен Мегаком компаниясы ортосунда кайра эки тарапту  келишим түзүлсүн, келишимдин негизинде көргөзүлгөн акча каражаты Ак-Моюн Тазалык Муниципалитетинин счетуна төгүлүп турсун

           

2. Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу  жагы  Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн  Тазалык Муниципалитетини жетекчиси М.Босумбай уулуна бухгалтери  Г.Байматовага милдеттендирилсин

 

4.Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго  жана өзүмө  калтырам.

 

 

Төрага:

Ж. Алыбаев