БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-августу № 117
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-июлундагы кезектүү сессиясынын №41 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
3. Бекмолдо айыл аймагындагы “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникаларын жана шаймандарын жайгаштырууга жеңил конструкциядагы ангар куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |