Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 22-августу № 118

 

Республикалык бюджеттен жер салыгын компенсациялоо үчүн берилген акча каражаты жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен жер салыгын компенсациялоо үчүн берилген 235 000 (эки жүз отуз беш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына отургузулсун.

2. Бекмолдо айыл өкмөтүнө чарбалык керектелүүчү каражаттарды алуу үчүн 235 000 (эки жүз отуз беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 Төрага

С.Осмонов