БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-августу № 119
Бекмолдо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №70, 2021-жылдын 9-декабрындагы №90 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №70 токтомуна, 2021-жылдын 9-декабрындагы №90 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак, Кара-Ой , Чоң-Токой жана Кеңеш айылдарынан жеке менчик жер участогун саткан жарандардын жер участокторун Бекмолдо айыл өкмөтү (социалдык обьектилерди, мекемелерди курууга ) өз каражатына сатып алуу үчүн 5000000 (беш млн.) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 1-январына калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин, сатып алынган участоктор айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик карамагына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |