КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-сентябры № 551
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү:
1. Факультеттин деканынын, факультеттин деканынын орун басарынын жана кафедра башчысынын милдеттерин аткаруу үчүн айына тиешелүү түрдө 1440, 1080 жана 900 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
2. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун тарифтик ставкасынын (маянасынын) өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти 80 пайызга жогору, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда жана анын Түштүк филиалында тийиштүү окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамдын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 170 пайызга жогору, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында - 140 пайызга жогору, академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясында - 200 пайызга жогору, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда - 100 пайызга жогору белгиленет.
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, клиникалык иштерди жүргүзүүчү жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенти тиешелүү окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.
3. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин орто медициналык билими бар ассистент-стажерлорунун, окутуучуларынын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенти 1,407 өлчөмүндө белгиленет.";
2) жогоруда аталган токтомдун 13-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Врачтык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 6000 сом;
- I квалификациялык категория - 4000 сом;
- II квалификациялык категория - 2000 сом.
Орто медициналык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 5000 сом;
- I квалификациялык категория - 3000 сом;
- II квалификациялык категория - 1000 сом.";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Айыл жергесинде иштеген кызматкерлерге 1800 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.";
- 17-пункттагы "15" деген цифралар "25" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 1-пункттагы "3,05" деген цифралар "3,70"деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пункттагы ", бөлүм башчы" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"
3-1 | Бөлүм башчы | 2,55 |
";
- 4-пункттагы "2,14" деген цифралар"2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "1,85" деген цифралар"2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "1,59" деген цифралар"1,75" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 8-пункттагы "1,35" деген цифралар"1,70" деген цифрага алмаштырылсын;
- 9-пункттагы "1,28" деген цифралар"1,30" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 1-пункттагы "2,88" деген цифралар"3,50" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "2,56" деген цифралар"2,65" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "2,14" деген цифралар"2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 8-пункттагы "1,59" деген цифралар"1,70" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 11-пункттагы "1,28" деген цифралар"1,30" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 13-пункттагы "2,28" деген цифралар"2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- 1-пункттагы "2,88" деген цифралар"3,50" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "2,28" деген цифралар"2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы "2,26", "2,39", "2,52" жана "2,69" деген цифралар тиешелүү түрдө "3,40", "3,50", "3,60" жана "3,70" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "1,70", "1,84", "1,97" жана "2,14" деген цифралар тиешелүү түрдө "2,50", "2,60", "2,70" жана "2,80" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "2,14" деген цифралар "2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесинде:
- 5-пункттун "Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы" главасында "2,30" деген цифралар "2,40" деген цифраларга алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:
- 9-пункттун "Кенже тейлөөчү персонал" главасында "1,28" деген цифралар "1,30" деген цифраларга алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен Өнүктүрүү жана дем берүү фондун түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунда каралган эмгекке катышуу коэффициенти түрүндө эмгек акы фондун үнөмдөөнүн эсебинен кошумча төлөмдөрдү этап-этабы менен жокко чыгаруучу дем берүүчү төлөмдөрдүн жаңы механизмин иштеп чыксын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлорунун, мугалимдерди өркүндөтүү облустук институттарынын жетекчилеринин тарифтик ставкаларына (маянасына) эселөө КОЭФФИЦИЕНТИ
№ | Уюмдардын аталыштары | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, айына | ||
Президент, ректор, директор | Вице-президент, окуу жана дарылоо иштери боюнча проректор, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, директордун окуу иштери боюнча орун басары | Президенттин, проректордун, директордун финансы-чарбалык иштер боюнча орун басары | ||
1 | Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту | 3,740 | 3,366 | 3,179 |
2 | С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту | 5,61 | 5,049 | 4,769 |
3 | С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Түштүк филиалы | 4,488 | 4,040 | - |
4 | Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору, мугалимдерди өркүндөтүү облустук институттары | 1,801 | 1,621 | 1,531 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселенген коэффициенттер | |||
Штаттык саны 100 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 100 штаттык бирдиктен 500 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 500 штаттык бирдиктен 1000 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 1000ден ашкан штаттык бирдиги бар саламаттык сактоо уюмдары | ||
1 | Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору | 4,20 | 4,45 | 4,55 | 4,70 |
2 | Жетекчи | 3,50 | 3,70 | 3,75 | 3,85 |
3 | Жетекчинин орун басары | 2,65 | 2,80 | 2,85 | 2,95 |
4 | Башкы бухгалтер | 1,80 | 1,95 | 2,00 | 2,10 |
5 | Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер, медициналык жардамдын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы жана врач-эксперттер | 3,25 | 3,25 | 3,25 | 3,25 |
6 | Административдик-башкаруу персоналынын адистери | 1,60 | 1,60 | 1,60 | 1,60 |
7 | Башчы (бөлүмдүн, бөлүмдүн, лабораториянын, дарыкананын, кабинеттин) | 2,55 | 2,55 | 2,55 | 2,55 |
8 | Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлерин жана жалпы практикадагы дарыгерлерин кошпогондо, врачтык персонал | 2,40 | 2,40 | 2,40 | 2,40 |
9 | Башкы медайым, башчы (кабинеттин, фельдшердик-акушердик пункттун), улук медайым, улук акушерка | 1,75 | 1,75 | 1,75 | 1,75 |
10 | Орто медициналык персонал | 1,70 | 1,70 | 1,70 | 1,70 |
11 | Чарба башчысы, кампа башчысы, кир жуучу жайдын башчысы, башкы ашпозчу, гараждын башчысы | 1,30 | 1,30 | 1,30 | 1,30 |
12 | Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдердин айдоочулары: |
|
|
|
|
- өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин) | 1,40 | 1,40 | 1,40 | 1,40 | |
- орто автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см чейин) | 1,45 | 1,45 | 1,45 | 1,45 | |
- чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см жогору) | 1,50 | 1,50 | 1,50 | 1,50 | |
13 | Жеңил унаанын айдоочусу | 1,25 | 1,25 | 1,25 | 1,25 |
14 | Автобустун, жүк ташуучу унаанын айдоочусу | 1,30 | 1,30 | 1,30 | 1,30 |
15 | Ашпозчу, комендант, механик, откананын оператору, медтехник, чарбачы айым, диспетчер, машинист | 1,25 | 1,25 | 1,25 | 1,25 |
16 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, электрогаз ширетүүчү, ширетүүчү, ассенизатор, жаныбарларды багуу боюнча жумушчу, электрондук эсептөө машинасынын оператору, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, катчы | 1,20 | 1,20 | 1,20 | 1,20 |
17 | Санитарка, тазалоочу | 1,30 | 1,30 | 1,30 | 1,30 |
18 | Жуугуч, таңгактагыч, кенже медициналык айым | 1,15 | 1,15 | 1,15 | 1,15 |
19 | Кийим үтүкчү, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуучу, кир кийимди (атайын кийимди) жуу боюнча машинист, тигүүчү, чач тарач, ашкана кызматкери | 1,10 | 1,10 | 1,10 | 1,10 |
20 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, маляр, шыбакчы, көмөкчү жумушчу, гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, кароолчу), өткөрмө пунктунун контролеру, короо тазалагыч (аймакты тазалоочу), багбан, от жаккыч (кочегар), кампачы, башка тейлөөчү персонал | 1,00 | 1,00 | 1,00 | 1,00 |
Эскертүү:
1. Кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине беш жылдан он жылга чейинки иш стажында иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасынын - 10% өлчөмүндө, ондон он беш жылга чейин - 20% жана он беш жылдан ашык - 30% өлчөмүндө ай сайын кошумча төлөө белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк төлөм башка үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан эсептелет.
3. Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
4. Врачтык кызмат орундарын ээлеген жогорку медициналык эмес билими бар адистердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенти ушул тиркеме менен аныкталган административдик-башкаруу персоналынын маяналарына карата эселөө коэффициентинен 50%га жогору белгиленет.".