Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 95
Кара-Булак айыл аймагындагы “Кара-Булак айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу “ долбооруна макулдук берүү
Кара-Булак айылынын айыл башчысы Т.Эркиновдун “Кара-Булак айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу” долбоору боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак айылынын борбордук көчөлөрүн долбоор боюнча жарыктандыруу үчүн макулдук берилсин.
2. Кара-Булак айылынын айыл башчысына “Кара-Булак айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу” долбоору боюнча өнөктөштөрдү таап, инвестиция менен иштөө жагы сунушталсын.
3. Ушул долбоордун алкагында максаттуу иш алып баруу жагы Кара-Булак айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |