Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 97
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кеңсесине кошумча имарат куруу үчүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кеңсесине, дем берүүчү гранттын эсебинен курулуучу, кошумча административдик имаратка 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |