Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 98
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин 3111 имараттар жана курулмалар беренесинен 260,0 ( эки жүз алтымыш) миң сом акча каражатын, ушул эле разделдин 2215 ар түрдүү кызматтарды жана буюмдарды сатып алуу беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |