Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 99
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык боюнча
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси С.Тайлановдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Баткен районунун өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын иш планына киргизүүгө жана кооптуу болгон жерлердин керектүү болгон документтерин даярдоо жагы, айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси С.Тайлановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |