Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 100
Бужум айылынын Андрей участкасынын Башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын тургуну Насиров Расулдун арызын угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Бужум айылынын Андрей участкасындагы 2017-жылы түзүлгөн Башкы планга өзгөртүү киргизилсин, Бужум айылынын Андрей участкасынын Башкы пландагы карьерге туш келген турак жайы башка жерге которулсун.
2. Насиров Расулдун турак жай куруу үчүн берилген 0,125 га жер аянты Башкы планда көргөзүлгөн дүкөндүн (№ 6) ордуна которулсун.
3. № 6 дүкөн № 3 балдар бакчасынын аймагына 0,125 га жер аянты которулсун.
4. Керектүү болгон юридикалык документтерди жасап берүү жагы “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.
5. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |