Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 101
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылындагы учительская көчөсүнүн Башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын тургуну Амиров Азамат Аскаралиевичтин арызын угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айылынын учительская көчөсүнүн 2016-жылы түзүлгөн Башкы планга өзгөртүү киргизилсин. 2018-жылдын 24-январындагы шифр 23/07, 42 турак жай үчүн түзүлгөн Башкы план бекитилсин.
2. Амиров Азамат Аскаралиевичтин турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянты Башкы планда көргөзүлгөн соцкультбыт (№ 3) ордуна которулсун.
3. № 2 дүкөндүн ордуна № 3 соцкультбыт которулсун.
4. Эргешова Гүлмира Акыновнанын турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянты Башкы планда көргөзүлгөн чайхана (№ 4) ордуна которулсун.
5. № 3 жана № 4 чайхананын жайына турак жай салуу үчүн которулсун.
6. Керектүү болгон юридикалык документтерди жасап берүү жагы “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.
7. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |