Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 102
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-мыйзамына ылайык, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 10-октябрындагы №01-27/887 жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-декабрындагы № 04-27/551 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик чарба иштерин жүргүзүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Лесхоз участкасынан № 1 участогунда жайгашкан № 1708- контурундагы 0,80 га таштуу жайыт жер аянты, № 1730 контурундагы 0,20 га таштуу жайыт жер аянты, № 2-участогунда жайгашкан №1634-контурундагы 1,0 га таштуу жайыт жер аянты, №3-участогунда жайгашкан № 2003-контурундагы 1,0 га таштуу жайыт жер аянты, жалпы 3,0 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жанаашка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Трансформациялоо иштери аягына чыккандан кийин мыйзам чегинде КР Коргоо министрлигинин пайдалануусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |