Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 103
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145-мыйзамына ылайык, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 11-октябрындагы № 01-27/897 жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-декабрындагы № 04-27/550 сандуу чыгыш катын негизинде, Баткен районунун жарандарын убактылуу эвакуация мезгилинде элдерди жайгаштыруу аймагын түзүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Лесхоз участогунда жайгашкан № 2604 контурундагы 3,10 га № 2605 контурундагы 1,90 га таштуу жайыт жер аянтын жалпы 5,0 га таштуу жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Трансформациялоо иштери аягына чыккандан кийин мыйзам чегинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пайдалануусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |