Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 104
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145-мыйзамына ылайык, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы № 01-27/1039 жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-декабрындагы № 04-27/549 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун баалуулуктарын сактоо үчүн кампа куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Лесхоз участкасынан № 1-участогунда жайгашкан № 2604 контурундагы 1,20 га жер аянты № 2605 контурундагы 0,80 га таштуу жайыт жер аянтын жалпы 2,0 га таштуу жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Трансформациялоо иштери аягына чыккандан кийин мыйзам чегинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик матери алдык резервдик фондунун пайдалануусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |