Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 105
Кара-Булак айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 024/22/03-6/4148 чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
1. Турак жай имараттары жана жайлары;
2. Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары;
3. Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;
4. Айыл чарба жерлери;
5. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер;
6. Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |