Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 107
Кара-Булак айыл аймагындагы Бужум айылынын Андрей участогундагы жайгашкан 15,0 га жер аянтынын Башкы планын бекитүү
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу С.Тайлановдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын Андрей участогундагы № 905 контурундагы 4,10 га № 906 контурундагы 10,9 га жалпысынан 15,0 га жер аянты 18/2020 шифриндеги Башкы планы бекитилсин.
2. Керектүү болгон юридикалык документтерди жасап берүү жагы “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж. Шакиров |