ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-апрели № 3/1
№ 8 муниципалдык автобустун тарифин бекитүү жөнүндө
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, №8 автобустук каттамда Бишкек шаары боюнча учурдагы тарифке кошумча акы менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча «БЖАТИ» МИнын шарттарын угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пункттун жетекчиликке алуу менен Орок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 8 автобустук каттамдардын бир жүргүнчүнүн Бишкек - Жал айылы жол кире акысы 15 сом, Төмөнкү Орок айылы - Жал айылы 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |