ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-апрели № 3/2
Орок айыл аймагынын айылдык жамаатынын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, Орок айыл аймагынын айылдык жамаатынын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрагасы Н.К. Акматованы, угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пункттун жетекчиликке алуу менен Орок айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Орок айыл аймагынын айылдык жамаатынын инвестициялык ассоциациясынын уставы бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |