ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-апрели № 3/3
Жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, Орок айыл аймагынын тургуну Исмаилова Алинанын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турагандыгына байланыштуу,2016-жылы туулган кичүү кызы Исмаилова Аминага, 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинбала бакчага тамак-аш акысынын 50% чейин төлөп берүү боюнча кайрылуусун угуп, талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пункттун жетекчиликке алуу менен Орок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орок айыл аймагынын Исмаилова Алинанын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турагандыгына байланыштуу 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин ,кичүү кызынын, бала бакчага тамак-аш акысынын 50% төлөп берүү боюнча Орок айыл өкмөтүнүн башчысына өтүнүч киргизилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |