Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябрындагы № 38
ОсОО “Кереге-Таш”ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
ОсОО “Кереге-Таш”ишканасынын 2022-жылдын 13 сентябрындагы №13 сандуу катын карап чыгуу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Кереге-Таш, Чакмак айылдарынан жер ажыратып берүү максатында Майдан айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кереге-Таш, Чакмак айылдарынан агып өткөн, Исфайрам дарыясынын күн чыгыш жагыдан узундугу 1750 метр туурасы 13 метр жана кубаттулугу 5,6-6 МВТ ГЭС куруу үчүн мыйзам чегинде жер аянты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ажыратып берилген жерди бир жыл ичинде иш аракет жүрбөсө токтом жокко чыгарылсын.
3. Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Р.Конокова |