Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-июлундагы № 12/1
«Энертал Энержи» ЖЧКсынын башкы директору Ма Вэньцюндун Кемин райондук мамлекеттик администрациясына 2024-жылдын 1-июлундагы кайрылуусу боюнча 161,5 гектар жер тилкесин өткөрүп берүү маселесин кароо максатында Жылтыр участкасында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" (көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жерлердин түрү) категориясынан, "Өнөр жай, транспорттук байланыштар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү боюнчаКичи-Кемин айылдык кенеши карап чыгып, талкуулап төмөндөгүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылтыр участкасында жайгашкан жалпы аянты161,5 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" (көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жерлердин түрү) категориясынан, "Өнөр жай, транспорттук байланыштар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга төмөнкү координаттарга ылайык макулдук берилсин.
№ | X | Y | № | X | Y |
1 | 4733492 | 569338 | 20 | 4732051 | 570242 |
2 | 4733501 | 569546 | 21 | 4732126 | 570245 |
3 | 4733457 | 569560 | 22 | 4732706 | 569756 |
4 | 4733261 | 569567 | 23 | 4733481 | 569329 |
5 | 4733096 | 569573 | 24 | 4733481 | 569305 |
6 | 4733087 | 569570 | 25 | 4733702 | 569183 |
7 | 4733082 | 569562 | 26 | 4733701 | 569135 |
8 | 4733286 | 569959 | 27 | 4733526 | 569041 |
9 | 4732763 | 570112 | 28 | 4733219 | 569009 |
10 | 4732783 | 570279 | 29 | 4733068 | 569053 |
11 | 4732154 | 570438 | 30 | 4733017 | 569118 |
12 | 4732139 | 570263 | 31 | 4732881 | 569116 |
13 | 4732706 | 569778 | 32 | 4732616 | 569438 |
14 | 4732073 | 570252 | 33 | 4732540 | 569445 |
15 | 4732078 | 570388 | 34 | 4732532 | 569365 |
16 | 4731424 | 570402 | 35 | 4732167 | 569546 |
17 | 4731385 | 570290 | 36 | 4731627 | 570121 |
18 | 4731533 | 570163 | 37 | 4731604 | 570118 |
19 | 4731556 | 570152 |
|
|
|
2. Токтом Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек шаардык башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтардын тууралыгы ырасталды
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кеминдеги филиалында жана Кемин шаарындагы архитектура жана шаар куруу бөлүмүндө бардык уруксат берүүчү документтерди даярдалсын жана макулдашылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Кичи-Кемин айылдык Кенештин төрагасы |
| Э.У.Орозбаков |