Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 561
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын мэриясынын маданий мекемелеринин ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 4-пунктунда "271" деген цифралар "294" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 3-пунктунда "51" деген цифралар "59" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 1-пунктунда "жаштар борборунун" деген сөздөр тиешелүү түрдө "маданият үйүнүн" деген сөздөргө, "17" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 6-10-пункттар менен толукталсын:
"6. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын "Семетей" ыр жана бий ансамблинин штаттык саны 28 штаттык бирдик чегинде белгиленет.
7. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын "Сувенир" орус ыр ансамблинин штаттык саны 22 штаттык бирдик чегинде белгиленет.
8. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын "Кыргыз Руху" фольклордук ансамблинин штаттык саны 14 штаттык бирдик чегинде белгиленет.
9. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын "Доор" эстрадалык-фольклордук ансамблинин штаттык саны 14 штаттык бирдик чегинде белгиленет.
10. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын "Акак" комузчулар ансамблинин штаттык саны 14 штаттык бирдик чегинде белгиленет.".
2. Бул токтомду ишке ашырууга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан каржылоо каралсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |