Документке
Мурунку12.02.2026

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 8-июлу № 371

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макети тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтары;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи-жыйырма биринчи абзацтары;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-тиркемесинин 2-4-пункттары, 3-тиркемесинин 2-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 3-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Иш-чараларды каржылоо республикалык бюджетте билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А. У. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын МАКЕТИ

1-глава. Жалпы жоболор 

1. _____________________________________________________________________________________________

                                    (тизмек боюнча код - кесиптик билим берүүнүн деңгээлин көрсөтүү менен                                                                         кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарты "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет.

Ушул Макеттин талаптары сунуштоочу болуп саналат жана төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн милдеттүү эмес:

- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда;

- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан бекитилген билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда.

Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткаруу үчүн минималдуу талаптар болуп саналат.

11. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар:

1) академиялык кредит - билим алуучунун окуу жана (же) илимий жүктөмүнүн көлөмүн өлчөөнүн шарттуу бирдиги;

2) бакалавр - кесиптик ишти жүзөгө ашырууга жана бакалавриат программасы боюнча болгон даярдыкка кошумча өзүнүн кесиптик ишин кеңейтүү үчүн магистратурага тапшырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;

3) кесиптик/эмгектик иштин түрү - эмгектин тектеш мүнөзүнө, натыйжаларына жана шарттарына ээ жалпыланган эмгектик функциялардын жыйындысы;

4) экономикалык иштин түрү - иштин түрлөрүн классификациялоонун кыйла бөлүнгөн категорияларын мүнөздөөчү продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир тектүү топтомуна ээ болууга алып келүүчү процесс;

5) мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

6) гибриддик окутуу методу - окутуу процесси педагогдун жана билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу салттуу окутуу методунун онлайн окутуу методу менен айкалышкан окутуу методу;

7) интеграцияланган программа - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

8) квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен тастыкталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;

9) компетенция - билим алуучуну белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

10) магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) өтүү жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү, даярдоонун ар кандай багыттары боюнча адистерге эмгек рыногунун тез өзгөрүп жаткан муктаждыгына жооп берген жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;

11) модуль - окутуунун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу дисциплинасынын бөлүгү;

12) даярдоо багыты - Кыргыз Республикасынын квалификациясынын улуттук алкагынын деңгээлине ылайык кадрларды даярдоо үчүн билим берүү программаларынын комплекси;

13) квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

14) жалпыланган эмгек функциясы - конкреттүү өндүрүштүк, өндүрүштүк эмес же бизнес-процессинде түзүлгөн жана кесиптик стандарттын бирдиги болуп саналган өз ара байланышкан эмгек функцияларынын жыйындысы;

15) кесиптик иштин объектти - эмгек ишинин процессинде таасир этүүгө багытталган предметтер, кубулуштар, процесстер;

16) билим берүү программасы - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли боюнча билим берүү процессинин максаттарын, милдеттерин, пландалган натыйжаларын, уюштурууну аныктоочу конкреттүү багыт, адистик же кесип боюнча билим берүүнүн мазмуну;

17) жумуш ордунда окутуу - милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасына ээ болуу менен билим берүү уюмунда билим алуучунун жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасы;

18) кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;

19) профиль - билим берүү программасынын кесиптик иштин конкреттүү түрүнө жана/же объектине багытталышы;

20) окутуунун натыйжалары - окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

21) адис - магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана/же базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшыруу жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;

22) адистик/багыт/кесип - бүтүрүүчү диплом алуучу билимдин конкреттүү тармагы же Кыргыз Республикасынын квалификациясынын улуттук алкагынын деңгээлдерине ылайык тигил же бул кесиптин/адистиктин алкагында иштин белгилүү бир түрү үчүн зарыл болгон атайын даярдыктан жана иш тажрыйбасынан алынган билимдин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн комплекси;

23) тездетилген программа - кыскартылган мөөнөттө окутуунун мурдагы натыйжаларын таануу менен окутууну караган программа;

24) дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ билим берүү программасынын бир бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинде төмөнкүдөй кыскартуулар колдонулат:

ЖКБ - жогорку кесиптик билим берүү;

МБС - мамлекеттик билим берүү стандарты;

БКБ - башталгыч кесиптик билим берүү;

КР КУА - Кыргыз Республикасынын квалификациясынын улуттук алкагы;

ОКБ - орто кесиптик билим берүү;

ОМБ - окуу-методикалык бирикмелер.

2-глава. Колдонуу жааты

3. Ушул МБС___________________________________________________________________________________

(тизмек боюнча код - кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)

боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын

билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, билим берүү программасын өздөштүрүүнүн

сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

4. ___________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________

кесиби/адистиги/багыты боюнча ушул МБСти негизги пайдалануучулар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өздөрүнүн билим берүү уюмдарында ушул кесип/адистик/багыт боюнча илимдин, техниканын жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, натыйжалуу ишке ашыруу жана жаңылоо үчүн жооптуу болгон администрация жана педагогикалык курам;

2) ушул багыт/адистик/кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча өзүнүн окуу ишин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу билим алуучулар;

3) тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөр;

4) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча МБСти иштеп чыгууну камсыз кылуучу ОМБ;

5) кесиптик билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

6) көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге шайкештигин тышкы баалоону жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер.

3-глава. Кесиптин/адистиктин/багыттын жалпы мүнөздөмөсү

5 ._________________________________________________________________________________

___________________________________________________________________________________

   (тизмек боюнча код - окутуунун мүмкүн болуучу формаларын (күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки),                        сырттан, экстернат) көрсөтүү менен кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)

кесиби/адистиги/багыты боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү формалары

6. Абитуриенттердин билиминин деңгээлине карата талаптар. Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

1) БКБ билим берүү программасына:

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

КР ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда БКБ билим берүү уюмдарында негизги жалпы билими жок адамдардын кесипке ээ болушу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;

2) ОКБ билим берүү программасына:

- башталгыч кесиптик билими жөнүндө дипломго (негизги же жалпы орто билими тууралуу документи болсо);

3) ЖКБ билим берүү программасына (бакалавр, адис):

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- башталгыч кесиптик билими жөнүндө дипломго (жалпы орто билими жөнүндө документи болсо);

- орто кесиптик билими жөнүндө дипломго;

- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго;

4) ЖКБ билим берүү программасына (магистратура):

- бакалаврды же адистикти даярдоо багыты боюнча жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго.

7. Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү:

1) жалпы орто билим берүүнүн базасында БКБ кесиби боюнча күндүзгү окутуу формасында ___________________________________ (окуу мөөнөтү) кем эмести түзөт.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында бул билим берүү программасы ишке ашыруу учурунда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү 1-2 (бир-эки) жылга узартылат;

2) жалпы орто билим берүүнүн базасында ОКБ адистиги боюнча окутуунун күндүзгү формасында ________________________________________ (окуу мөөнөтү) кем эмести түзөт.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында бул билим берүү программасы ишке ашыруу учурунда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү 1 (бир) жылга узартылат.

Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча ОКБ билим берүү программаларын өздөштүрүү мөөнөттөрү, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалышкан учурда ОКБ программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан, эгерде алар бул адистик боюнча иштесе күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 6 айга узартылат.

Тиешелүү профилдеги БКБ же ОКБга ээ адамдарга билим берүү уюму мурдагы билим берүүнүн жана окутуунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет;

3) жалпы орто билим берүүнүн базасында күндүзгү окуу формасында ЖКБ бакалавр багыты боюнча __________________________________ (окуу мөөнөтү) кем эмести түзөт.

Бул билим берүү программасын сырттан окуу формасы боюнча ишке ашырган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 1 (бир) жылга көбөйтүлөт.

Тиешелүү профилдеги ОКБ же ЖКБ бар адамдарга билим берүү уюму мурдагы билим берүүнүн жана окутуунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет.

ОКБ профилинин ЖКБ профилине дал келиши билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат;

4) жалпы орто билим берүүнүн базасында күндүзгү формасында ЖКБ адистиги боюнча окутуунун _________________________________ (окуу мөөнөтү) кем эмести түзөт.

Тиешелүү профилдеги ОКБ же ЖКБга ээ адамдарга билим берүү уюму мурдагы билим берүүнүн жана окутуунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет.

ОКБ профилинин ЖКБ профилине дал келиши билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

5) ЖКБнын базасында (балкалавр же адистик) күндүзгү окуу формасында ЖКБ магистр багыты боюнча _______________________________ (окуу мөөнөтү) кем эмести түзөт.

Бул билим берүү программасын сырттан окуу формасы боюнча ишке ашырган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү эгерде алар бул тармакта иштесе күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 6 айга көбөйтүлөт.

Даярдоо багыттары ар түрдүү болгон адистерге эмгек рыногунун өсүп жаткан керектөөлөрүн камсыздоо үчүн билим берүү уюмунун чечими боюнча ушул Макеттин 8-пунктунда көрсөтүлгөн магистрдин билим берүү программасынын сыйымдуулугуна карата талаптар сакталган шартта магистрдин билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөтүн 1 (бир) жылга чейин кыскартууга жол берилет.

6) тездетилген программаларды ишке ашырууда окуу мөөнөтүн билим берүү уюму мурдагы билим алууда билим алуучу өздөштүргөн (өткөн) айрым дисциплиналар (модулдар) жана/же жумуш ордунда окутуунун айрым түрлөрү боюнча окутуунун натыйжаларын толугу менен же жарым-жартылай кайра аттестациялоонун (кайра зачеттоонун) натыйжалары боюнча аныктайт.

8. Билим берүү программасынын сыйымдуулугу

1) күндүзгү окуу формасы боюнча БКБ 60тан (алтымыш) кем эмес академиялык кредитти түзөт;

2) күндүзгү окуу формасы боюнча ОКБ 120дан (бир жүз жыйырма) кем эмес академиялык кредитти түзөт;

3) ЖКБ (бакалавриат) 240тан (эки жүз кырк) кем эмес академиялык кредитти түзөт;

4) ЖКБ (адистик) 300дөн (үч жүз) кем эмес академиялык кредитти түзөт;

5) ЖКБ (магистратура) 120дан (бир жүз жыйырма) кем эмес академиялык кредитти түзөт.

Бир окуу семестринин ченемдик сыйымдуулугу 30дан кем эмес академиялык кредитке барабар (окуу процесси эки семестрлик болуп уюштурулган учурда). Бир академиялык кредит билим алуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар (аудиториялык, өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошкондо).

Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалышкан жана аралыктан билим берүү технологиялары колдонулган учурда билим берүү программасынын ченемдик сыйымдуулугу окуу жылы үчүн 45тен (кырк беш) кем эмес академиялык кредитти түзөт.

9 ._________________________________________________________________________________

                  (тизмек боюнча код - кесиптин/адисликтин/багыттын толук аталышы)

кесиби/адистиги/багыты боюнча билим берүү программасынын максаты

1) окутуу жаатында (окутуу жаатындагы билим берүү программасынын максаттарын көрсөтүү);

2) инсанды тарбиялоо жаатында (инсанды тарбиялоо жаатындагы билим берүү программасынын максаттарын көрсөтүү).

10. Экономикалык иштин түрү: _________________________________________________________

     (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Экономикалык                             иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторунан бул адистик тиешелүү болгон                                                           экономикалык иштин түрү көрсөтүлөт)

11. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин багыттары: ________________________________________

         (Квалификациялардын улуттук алкагына, квалификациялардын тармактык/сектордук                                  алкактарына ылайык кесиптик иштин тармактары аталат (бар болсо)

12. Кесиптик иштин объекттери: _______________________________________________________

(кесип/адистик/багыт боюнча кесиптик иштин объекттери аталат)

13. _________________________________________________________________________________

_________________________________________________________ кесиби/адистиги/багыты боюнча

(кесиптик билим берүүнүн деңгээлин көрсөтүү керек)

билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

1) кесиптик ишке (кесиптик иштин чөйрөсүн көрсөтүү керек);

2) БКБ - ОКБ жана ЖКБ билим берүү программаларын, анын ичинде тездетилген программалар боюнча тийиштүү профилдеги ОКБ билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;

3) ОКБ - ЖКБ (бакалавр, адис) билим берүү программаларын, анын ичинде тездетилген программалар боюнча тиешелүү профилдеги ЖКБ билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;

4) бакалаврды даярдоо багыты боюнча ЖКБ - илимий-педагогикалык ишке, магистрди даярдоо программаларын өздөштүрүүгө;

5) адистик боюнча ЖКБ - илимий-педагогикалык ишке, магистрдин билим берүү программаларын жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;

6) магистрди даярдоо багыты боюнча ЖКБ - илимий-педагогикалык ишке жана ЖОЖдон кийинки окутуу программаларын өздөштүрүүгө.

4-глава. Билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарына карата жалпы талаптар

14. Билим берүү уюмдары эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программаларын өз алдынча иштеп чыгат. Билим берүү программасы кесип/адистик/багыт боюнча тиешелүү МБСтин, Квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын (бар болсо) негизинде иштелип чыгат.

Билим берүү программасынын ар бир циклине тиешелүү дисциплиналардын (модулдардын) топтомун жана алардын сыйымдуулугун билим берүү уюму цикл үчүн белгиленген көлөмдө, аны өздөштүрүүнүн натыйжаларына коюлган талаптарды эске алуу менен, КР КУАда каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө өз алдынча аныктайт.

ЖКБ жана ОКБ бакалаврларын, магистрлерин жана адистиктерин даярдоо багытынын алкагындагы билим берүү программасынын профилдери квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын (бар болсо) эске алуу менен билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

15. Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен билим берүү программаларын кызыкдар тараптардын сунуштарына ылайык, бирок 5 (беш) жылда бир жолудан кем эмес жаңылайт. Билим берүү программаларын жаңылоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгууну;

2) билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүнү;

3) иш берүүчү менен макулдашылган бүтүрүүчүлөрдүн компетенциясына карата талаптардын негизинде билим алуучулардын билим жана билүү деңгээлдерин, көндүмдөрүн, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгууну;

4) педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылууну;

5) ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылууну, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоону;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүүнү;

7) өзүнүн ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоону.

16. Билим алуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

17. Билим алуучуларды учурдагы аттестациялоо кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан белгиленген (педагогикалык/окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген) баалоо системасынын негизинде окуу семестринин ичинде жүргүзүлөт.

18. Билим алуучуларды орто аралык аттестациялоо ар бир семестрде жүргүзүлөт жана бардык дисциплиналар/модулдар боюнча семестрдеги учурдагы аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча баа коюлат.

БКБ билим алуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик компетенцияларынын сапатын баалоо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте көндүмдөрдү этап-этабы менен аттестациялоону камтууга тийиш.

19. Билим алуучуларды жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо толук окуу курсун аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Мамлекеттик аттестациялык сынактардын түрлөрү бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жүргүзүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга академиялык карызы жок жана окуу планында каралган окутуунун толук курсун аяктаган бүтүрүүчүгө уруксат берилет.

20. Билим алуучулардын жеке жетишкендиктеринин тийиштүү билим берүү программасынын этаптуу же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди жана ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берүүчү практикалык тапшырмаларды камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт. Баалоо каражаттарынын базалары билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

21. Билим берүү программасында бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын калыптандыруу үчүн жетиштүү болгон кесиптик билим берүүнүн тийиштүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун ресурстук, материалдык-техникалык шарттары жана окуу-методикалык камсыздалышы көрсөтүлүүгө тийиш.

22. Кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) социалдык-маданий чөйрөнү түзүүгө;

2) инсанды ар тараптан өнүктүрүү жана социалдаштыруу, билим алуучулардын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;

3) билим берүү процессинин тарбиялык/окуудан тышкаркы компоненттерин өнүктүрүүгө, анын ичинде өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, билим алуучулардын коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышуусуна өбөлгө түзүүгө.

23. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасы билим алуучунун тандоосу боюнча дисциплиналарды, дисциплиналардын ар бир циклинин вариативдүү бөлүгүн камтууга тийиш. Билим алуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарды түзүү тартибин билим берүү уюму белгилейт. БКБ жана ОКБ билим берүү программасы билим берүү уюмунун каалоосу боюнча билим алуучунун тандоосу боюнча дисциплиналарды камтышы мүмкүн.

24. Билим берүү уюму билим алуучуларга билим берүү программасынын, окуу курстарынын (дисциплиналардын, модулдардын) жеткиликтүү болушун камсыздоого, киришүү курстарын өткөрүүгө, жеке окутуу программасын түзүү үчүн курстарды тандоонун кызыкчылыктарын жана каалоолорун ж.б. суроого милдеттүү. Билим алуучу билим берүү уюму тарабынан берилүүчү академиялык консультанттын катышуусу менен өзүнүн жеке окуу планын түзөт.

25. Билим берүү уюму билим берүү программасын түзүүдө билим алуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, билим алуучулар тандап алган дисциплиналар алар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык эмгек сыйымдуулугу окуу планында каралгандан аз болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

26. Билим берүү уюму билим берүү программасын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

5-глава. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар

27. Билим алуучулар жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасынын алкагында билим алуучулардын тандоосу боюнча окуу дисциплиналарын өздөштүрүүгө бөлүнгөн окуу убактысынын көлөмүнүн чегинде конкреттүү дисциплиналарды тандап алууга укуктуу.

28. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө билим алуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке/адистикке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

29. Компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасын өздөштүрүүдө натыйжаларга жетишүү максатында билим алуучулар студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышууга укуктуу.

30. Билим алуучулар билим берүү уюмунун билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

31. Билим алуучунун окуу жүктөмүнүн көлөмү анын аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу ишинин бардык түрлөрүн кошкондо жумасына 38 сааттан кем эмес белгиленет. Окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына билим берүү уюму тарабынан белгиленет.

32. Окутуунун күндүзгү формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү кесиптик билим берүүнүн деңгээлин жана кесиптин/адистиктин/багыттын өзгөчөлүгүн эске алуу менен төмөнкүлөр үчүн МБСте аныкталат:

1) БКБ үчүн ар бир окуу дисциплинасын/кесиптик модулду үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80%дан кем эмесин;

2) ОКБ үчүн ар бир окуу дисциплинасын/кесиптик модулду үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 35%дан кем эмесин;

3) бакалаврды даярдоо багыты боюнча жана адистик боюнча ЖКБ үчүн жалпы көлөмдүн 35%дан кем эмесин;

4) магистрди даярдоо багыты боюнча ЖКБ үчүн жалпы көлөмдүн 25%дан кем эмесин.

Окуу дисциплинасы боюнча өз алдынча ишке бөлүнгөн сааттарга ошол окуу дисциплинасы (модулу) боюнча экзаменге даярданууга каралган убакыт киргизилет.

33. Күндүзгү-сырттан (кечки) окуу формасында аудиториялык сабактардын көлөмү жумасына 16 сааттан кем болбоого тийиш.

34. Окуу жылындагы каникул мезгилинин жалпы көлөмү 7-10 жуманы, анын ичинде окуу мөөнөтүнө жараша кыш мезгилинде эки жумадан кем болбоого тийиш.

6-глава. Кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программасынын мазмунуна карата талаптар

35 .__________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________

(тизмек боюнча кодду - кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышын көрсөтүү керек)

билим берүү программасынын максаттарына, ушул МБСтин 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн экономикалык иштин түрлөрүнө ылайык төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болууга тийиш:

1) жалпы:

ЖК-1:

- БКБ - айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология жөнүндө; коопсуз жана сергек жашоо образын уюштуруу жөнүндө билимдерди пайдаланууга жөндөмдүү;

- ОКБ - айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө базалык билимдердин бүтүндөй системасын пайдаланууга, жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыт алууга, ошондой эле адамдарды урматтоого, башка маданиятка толеранттуулукту көрсөтүүгө жөндөмдүү;

- ЖКБ (бакалавриат) - курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдердин бүтүндөй системасын аны коргоо үчүн пайдаланууга, жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыт алууга жана активдүү жарандык позицияны ээлөөгө, жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарын өнүктүрүүгө, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган демилгелерди өнүктүрүүгө, дүйнөгө көз караштагы, социалдык жана инсандык маанилүү проблемаларды чечүүгө, адамдарды урматтоого, башка маданиятка толеранттуулукту көрсөтүүгө жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарын өнүктүрүүгө, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган демилгелерди көтөрүүгө жана өнүктүрүүгө, дүйнөгө көз караштагы, социалдык жана инсандык маанилүү проблемаларды чечүүгө жөндөмдүү;

ЖК-2:

- БКБ - өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү речин мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде кесиптик баарлашуу деңгээлинде логикалык жактан түзүүгө жөндөмдүү;

- ОКБ - өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү речин мамлекеттик (В1 деңгээли), расмий жана чет тилдердин биринде кесиптик баарлашуу деңгээлинде логикалык жактан түзүүгө жөндөмдүү;

- ЖКБ (бакалавриат) - өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү речин мамлекеттик (В1 деңгээли), расмий жана чет тилдердин биринде кесиптик баарлашуу деңгээлинде логикалык жактан туура, аргументтүү жана так түзүүгө, кесиптик дискуссия жүргүзүүгө жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү речин мамлекеттик (В1 деңгээли), расмий жана чет тилдердин биринде кесиптик баарлашуу деңгээлинде логикалык жактан туура, аргументтүү жана так түзүүгө, профилдик жана чектеш тармактардын деңгээлинде кесиптик дискуссияларды жүргүзүүгө жөндөмдүү;

ЖК-3:

- БКБ - кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

- ОКБ - кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (бакалавриат) - кесиптик ишинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууга жана аларды практикалык жактан колдонууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистиги) - кесиптик ишинде заманбап жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди өз алдынча алууга жана аларды практикалык жактан колдонууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (магистратура) - кесиптик чөйрөдө жаңы идеяларды жаратуу жана өнүктүрүү үчүн ар түрдүү илимдердин жетишкендиктерин интеграциялоого жөндөмдүү;

ЖК-4:

- БКБ - командада иштөөгө, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлашууга жөндөмдүү;

- ОКБ - кесиптик ишинде адамдардын чакан тобунун ичинде коммуникативдик милдеттерди коюуга жана чечүүгө жөндөмдүү;

- ЖКБ (бакалавриат) - ишкердик баарлашуу жана енектештүк мамилелерди колдоо үчүн иштин бардык чөйрөлөрүндө коммуникативдик милдеттерди коюуга жана чечүүгө жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - иштин бардык чөйрөлөрүндө коммуникативдик милдеттерди коюуга жана чечүүгө жөндөмдүү;

ЖК-5:

- БКБ - өзүнүн ишин пландоого жана уюштурууга жөндөмдүү;

- ОКБ - өзүнүн ишин жана адамдардын чакан тобунун ишин пландоого жана уюштурууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (бакалавриат) - инновациялык мамилелерди колдонуу менен комплекстүү иш-аракеттерди, процесстерди башкаруу менен уюмдун бөлүмдөрүндө кесиптик иште максаттарга жетишүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - инновациялык мамилелерди колдонуу менен татаал, күтүүсүз жумушчу же окуу чөйрөсүн башкаруу жана өзгөртүп түзүү менен бөлүмдөрдөгү жана уюмдардагы кесиптик иштеги максаттарга жетишүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү.

ЖК-6:

- БКБ - базалык ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн кесиптик иште колдонууга жөндөмдүү;

- ОКБ - ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн кесиптик иште колдонууга жөндөмдүү;

- ЖКБ - (бакалавриат) - кесиптик иште жана окутууда күтүүсүз шарттарда чечим кабыл алуу, ошондой эле айрым жеке адамдардын же топтордун кесиптик өнүгүүсүн башкаруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - кесиптик иште жана окутууда күтүүсүз шарттарда чечим кабыл алуу, ошондой эле айрым жеке адамдардын же топтордун кесиптик өнүгүүсүн башкаруу, топтун стратегиялык көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү.

ЖК-7:

- ОКБ - кесиптик иштеги эмгек шарттарынын, техниканын жана технологиялардын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (бакалавриат) - илимдеги, техникадагы жана технологиядагы, кесиптик чөйрөдөгү жаңы көрүнүштөрдүн социалдык-экономикалык жана маданий натыйжаларын талдоого жана баалоого, эксперттик топтордун ишин уюштурууга жана катышууга, стратегиялык енүктүрүү пландарын иштеп чыгууга катышууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - илимдеги, техникадагы жана технологиядагы, кесиптик чөйрөдөгү жаңы көрүнүштөрдүн социалдык-экономикалык жана маданий натыйжаларын талдоого жана баалоого, эксперттик/кесиптик топтордун/уюмдардын ишин уюштурууга, алардын ишинин натыйжаларын көрсөтүүгө жөндөмдүү.

ЖК-8:

- ЖКБ (бакалавриат) - кесиптик иште ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн колдонууга, кесиптик иште инновациялык долбоорлорду жана стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга жөндөмдүү;

- ЖКБ (адистик, магистратура) - улуттук деңгээлде бизнести башкарууну жана кеңейтүүнү кошо алганда, кесиптик иште инновациялык долбоорлорду жана стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн колдонууга жөндөмдүү;

2) кесиптик: ____________________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________________________

         (КУАга ылайык кесиптик стандарт боюнча (бар болсо) же иш берүүчүлөр менен макулдашылган кесиптик                                     компетенциялардын тизмеги көрсөтүлөт. Кесиптик стандартка ылайык                                        кесиптик компетенциялар - бул жалпыланган эмгек функциялары)

36. Билим берүү программасы ушул Макетке тиркелген түзүмгө ылайык кесиптик билим берүүнүн деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат:

- БКБ (1-тиркеме);

- ОКБ (2-тиркеме);

- ЖКБ (бакалавриат) (3-тиркеме);

- ЖКБ (адистик) (4-тиркеме);

- ЖКБ (магистратура) (5-тиркеме).

37. Билим берүү программасы жалпы гуманитардык циклдин милдеттүү дисциплиналарын ишке ашырууну камсыз кылууга тийиш, алардын тизмеги жана эмгек сыйымдуулугу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары жана эксперименттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруучу кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жалпы гуманитардык циклдеги дисциплиналардын тизмесин жана эмгек сыйымдуулугун өз алдынча аныктоого укуктуу.

Дисциплиналардын ар бир цикли билим берүү уюму тарабынан белгиленүүчү базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүктөргө ээ. Вариативдик бөлүк базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдоону тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

38. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин/магистрдик диссертациянын мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар билим берүү уюму тарабынан тиешелүү деңгээлдеги билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.

7-глава. Окуу процессин кадрлар менен камсыз кылуу

39. Билим берүү программасын ишке ашыруу тиешелүү кесиптик билим деңгээлине, окутулуп жаткан дисциплинанын профилине ылайык келген билими бар жана илимий, методикалык иш менен системалуу алектенген педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынышы керек. Тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү окутуучунун компетенциялары кошумча билими жөнүндө документтер (сертификаттар, күбөлүктөр, дипломдор ж.б.) менен да ырасталышы мүмкүн.

40. Кесиптик билим берүүнүн тийиштүү деңгээли үчүн кесиптик циклдин окутуучулары төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

1) БКБ - тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик же жогорку кесиптик билимге. Тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү уюмдардагы иш тажрыйбасы билим алуучулардын кесиптик циклди өздөштүрүүсүнө жооп берген окутуучулар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Өндүрүштүк окутуу мастерлери башталгыч кесиптик же орто кесиптик билимге ээ болушу керек. Өндүрүштүк окутуу мастерлери жумушчунун кесиби боюнча бүтүрүүчүлөр үчүн билим берүү стандартында каралгандан 1-2 разрядга жогору болууга тийиш.

Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуу мастерлери профилдик уюмдарда 3 жылда 1 жолудан кем эмес стажировкадан өтүшү керек;

2) ОКБ - орто же жогорку кесиптик билимге жана/же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасына

Кесиптик циклдин окутуучуларынын сапаттык курамын баалоодо

10 жылдан ашык тажрыйбасы бар өндүрүшчүлөр эске алынат;

3) ЖКБ - адистин/магистрдин квалификациясына же болбосо илимдин кандидаты же доктору/(PhD) философия доктору)/профили боюнча доктору окумуштуулук даражасына жана/же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасына.

Окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы бар окутуучулардын (же аларга теңештирилген адистердин) үлүшү багыты/адистиги боюнча ЖКБ МБСте аныкталат.

- бакалавриат, адистик - 40%дан кем эмес;

- магистратура - 60%дан кем эмес болууга тийиш.

Окутуучулар өз квалификациясын 3 жылда 1 жолудан кем эмес жогорулатышы керек.

8-глава. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

41. Кесиптик билим берүүнүн деңгээлине карабастан билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир билим алуучунун маалымат базаларына жана билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеги боюнча түзүлгөн китепканалык фонддорго жетүүсү менен камсыз кылынууга тийиш.

42. Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеги лицензиялык талаптарга ылайык билим берүү уюму тарабынан аныкталат.

43. Билим алуучулардын билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалыматынын булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

44. Билим берүү процессинде ченемдик укуктук актылар, локалдык актылар, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.

9-глава. Окуу процессин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

45. Билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму санитардык жана өрткө каршы эрежелерге жана ченемдерге ылайык келген билим берүү уюмунун окуу планында каралган, билим алуучулардын лабораториялык, дисциплинардык жана дисциплиналар аралык даярдоонун бардык түрлөрүн, практикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуучу материалдык-техникалык базага ээ болушу керек (билим берүү программасы үчүн маанилүү материалдык-техникалык камсыздоо көрсөтүлөт, мисалы: окуу-өндүрүштүк устаканалар, окуу-өндүрүштүк комплекстер, окуу чарбалары, полигондор, технологиялык лабораториялар, студиялар ж.б. Жабдуулардын, инвентарлардын, аспаптардын, окутууда сарпталуучу материалдардын ж. б. билим алуучуларга болгон катышын да көрсөтүү зарыл).

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине 1-тиркеме

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасынын ТҮЗҮМҮ

№

ДЦ коду

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы орто билим алуу жана кесипке ээ болуу менен негизги жалпы билим берүүнүн базасында (9-кл.)

Орто жалпы билим берүүнүн базасында (11-кл) Эмгек сыйымдуу- лугу(**) (кредиттер/саат)

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим албастан Эмгек сыйымдуулугу(**) (кредиттер/саат)

2 жыл

3 жыл

1 жыл

2 жыл

1

БКБ 1

1. Жалпы билим берүү дисциплиналарынын цикли (жалпы орто билим берүүнүн МБСке ылайык окутуунун натыйжалары)

2. Жалпы гуманитардык цикл

*1768 с.(10 кл.; 11 кл.)

*2006 с.(10 кл.; 11 кл.)

3 кр./90 с.

4 кр./120 с.

2

БКБ2

Кесиптик цикл (ЖТЦ жана ЖКЦ, КЦ дисциплиналары)

**1272 с.

**2474 с.

**23 кр./690 с.

**38 кр./1140 с.

3

БКБЗ

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр БПда аныкталат)

600 с. - 780 с.

1250 с. - 1500 с.

33 кр./990 с.

57 кр./1710 с.

4

Дене тарбия

54 с.

108 с.

5

БКБ 4

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

36 с.

36 с.

1 кр./30 с.

1 кр./30 с.

6

БПнын жалпы эмгек сыйымдуулугу

3000 с.

4480 с.

1800 с.

60 кредит

3000 с.

100 кредит

7

Жумалык жүктөм

36/40

36/40

40

36/40

(*) - 2-3 жыл окутуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын эмгек сыйымдуулугу Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге кирген айрым дисциплиналардын эмгек сыйымдуулугу (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат.

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине 2-тиркеме

Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасынын ТҮЗҮМҮ

Билим берүү программасынын жана анын окуу циклдеринин көлөмү академиялык кредиттер менен

1 жыл 10 ай

2 жыл 6 ай

2 жыл 10 ай

3 жыл 6 ай

3 жыл 10 ай

1

1-блок

1) жалпы гуманитардык цикл;

2) математикалык жана табигый илимдер цикли;

3) кесиптик цикл

70-100

90-130

110-155

130-158

150-215

2

2-блок

Жумуш ордунда окутуу (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр билим берүү программасы менен аныкталат)

15-40

15-50

20-60

20-70

20-80

3

3-блок

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

5-10

5-10

5-10

5-10

5-10

4

Дене тарбия(*) (көрсөтүлгөн семестрлерде жумасына 2 сааттан)

3-5 семестрлер

3-6 семестрлер

3-6 семестрлер

3-7 семестрлер

3-7 семестрлер

5

ОКБ билим берүү программасынын көлөмү

120

150

180

210

240

(*) Дисциплина өздөштүрүү үчүн милдеттүү болуп саналат, бирок академиялык кредиттерге которулбайт жана билим берүү программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугуна кирбейт.

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине 3-тиркеме

Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасынын түзүмү (бакалавриат - Б)

Эмгек сыйымдуулугу(*) (академ. кредиттер)

165-215

2

2-блок

Жумуш ордунда окутуу жана/же илимий-изилдөө иштери (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр билим берүү программасы менен аныкталат)

15-60

3

3-блок

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

10

4

Дене тарбия(*)

360

5

Билим берүү программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугу

240 кредит

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине 4-тиркеме

Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасынын түзүмү (адистик - С)

185-260

25-90

3

3-блок

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

15

300 кредит

Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине 5-тиркеме

Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасынын түзүмү (магистратура - М)

Эмгек сыйымдуулугу* (академ. кредиттер)

1

1-блок

Жалпы илимий цикл Кесиптик цикл

60-90

20-40

3

3-блок

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

20

120 кредит

Жаңы08.07.2024

37. Билим берүү программасы жалпы гуманитардык циклдин милдеттүү дисциплиналарын ишке ашырууну камсыз кылууга тийиш, алардын тизмеги жана эмгек сыйымдуулугу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Дисциплиналардын ар бир цикли билим берүү уюму тарабынан белгиленүүчү базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүктөргө ээ. Вариативдик бөлүк базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдоону тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

38. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин/магистрдик диссертациянын мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар билим берүү уюму тарабынан тиешелүү деңгээлдеги билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.

7-глава. Окуу процессин кадрлар менен камсыз кылуу

39. Билим берүү программасын ишке ашыруу тиешелүү кесиптик билим деңгээлине, окутулуп жаткан дисциплинанын профилине ылайык келген билими бар жана илимий, методикалык иш менен системалуу алектенген педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынышы керек. Тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү окутуучунун компетенциялары кошумча билими жөнүндө документтер (сертификаттар, күбөлүктөр, дипломдор ж.б.) менен да ырасталышы мүмкүн.

40. Кесиптик билим берүүнүн тийиштүү деңгээли үчүн кесиптик циклдин окутуучулары төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

1) БКБ - тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик же жогорку кесиптик билимге. Тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү уюмдардагы иш тажрыйбасы билим алуучулардын кесиптик циклди өздөштүрүүсүнө жооп берген окутуучулар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Өндүрүштүк окутуу мастерлери башталгыч кесиптик же орто кесиптик билимге ээ болушу керек. Өндүрүштүк окутуу мастерлери жумушчунун кесиби боюнча бүтүрүүчүлөр үчүн билим берүү стандартында каралгандан 1-2 разрядга жогору болууга тийиш.

Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуу мастерлери профилдик уюмдарда 3 жылда 1 жолудан кем эмес стажировкадан өтүшү керек;

2) ОКБ - бакалавр же адистиктен төмөн эмес жогорку кесиптик билимге (авиациялык адистиктерден тышкары);

Кесиптик циклдин окутуучуларынын сапаттык курамын баалоодо

10 жылдан ашык тажрыйбасы бар өндүрүшчүлөр эске алынат;

3) ЖКБ - адистин/магистрдин квалификациясына же илимдин кандидаты же доктору/PhD илимий даражага жана/же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбага.

Ушул билим берүү программасы боюнча билим берүү процессин камсыз кылган окутуучулардын жалпы санында илимдин кандидаты же доктору даражасы бар окутуучулардын (же аларга теңештирилген адистердин) үлүшү: