Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 10/2
Кичи-Кемин айыл аймагына караштуу Бейшеке айылында DLS үчүн интернет байланышын уюштуруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелер менен танышып, Кичи- Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевдин маалыматын угуп, талкулап, пикир алмашуудан кийин Кичи-Кемин айылдык Кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айыл аймагынын Бейшеке айылында DLS үчүн интернет байланышын уюштурууга 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты, Кемин райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Э.У.Орозбаков |