Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 11/2
Жасалма газон менен кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелер менен танышып, жергиликтүү жашочулардын сунушун эске алып Кичи- Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевдин маалыматын угуп, талкулап, пикир алмашуудан кийин Кичи-Кемин айылдык Кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл аймагынын Кара-Булак айылына 22м*42м жасалма газон менен кичи футбол аянтчасын курууга колдонмону берүү, жалпы колдонмонун суммасы 3 598 878 (үч миллион беш жүз токсон сегиз миң сегиз жүз жетимиш сегиз) сом өлчөмүндө,Кемин райондук өнүктүрүү фондусунан акча каражаты суралсын.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Э.У.Орозбаков |