Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 11/4
Кичи-Кемин айыл аймагынын жер ресурстарын пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүүгө колдонмону жазуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелер менен танышып, Кичи- Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевдин маалыматын угуп, талкулап, пикир алмашуудан кийин Кичи-Кемин айылдык Кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Кемин айыл аймагынын жер ресурстарын пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүүгө колдонмону жазуу, Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын -аймагына жерге жайгаштыруу документтерин каттоо, жалпы суммасы 2 347 734 (эки миллион үч жүз кырк жети миң жети жүз отуз төрт) сом өлчөмүндө, Кемин райондук өнүктүрүү фондусунан акча каражаты суралсын.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Э.У.Орозбаков |