Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 11/6
“Терек-Таш” ЖЧКсынын жетекчиси А.О.Түгөлбаевдин Кемин райондук мамлекеттик администрациясына 2024-жылдын 16-январындагы № 24-02 каты менен кайрылган 2,23 га жер тилкесин Кичи-Кемин айыл аймагынын административдик чек араларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелер менен танышып, Кичи- Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевдин маалыматын угуп, талкулап, пикир алмашуудан кийин Кичи-Кемин айылдык Кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Кемин айыл аймагынын административдик чек араларында жайгашкан 2,23 га жер тилкесин, анын ичинен, Ильич айылындагы №3008 (0,71га) жайыт, №3260 (0,07га) промоина (сай), №3262 (0,02га) жар, №3263 (0,43га) жайыт, №3258 (0,26га) жайыт, №3264 (0,68га) жайыт, №3009 (0,06га) жайыт - “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Э.У.Орозбаков |