Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 11/7
Кичи-Кемин айыл аймагындагы Кичи- Кемин айылынын Азык уруусунун элинен, өтүнүч арызынын негизинде чыгыш тарабындагы көчөнүн аттын ыйгарууну жана бекитүү маселени карап, Кыргыз Республикасынын географиялык объекттердин аталыштарын белгилөө - географиялык объекттердин учурдагы аталыштарын аныктоо, географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жана географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө жобосун жетекчиликке алып, Кичи-Кемин айылдык Кеңеши талкулап, карап чыгып төмөнкүчө:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи- Кемин айылынын чыгыш тарабындагы көчөнү “Мансур Зарипов атындагы көчөсү” деп бекитилсин.
2. Көчөгө коюлган жаны аталышын юридикалык жактары каттоо үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги Чүй-Бишкек Юстиция Башкармалыгынан өткөрүү, аншлактарын жазатуу, орнотуу жана тийиштуу иш чараларын аткаруу жагы М.Зариповдордун үй-бүлѳѳсүнѳ жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Кичи-Кемин айылдык Кенешинин Торагасы |
| Э.У.Орозбаков |