КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-июлундагы № 81/XXI-28
Кочкорбаев айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповдун айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Уставынын негизинде эсептерди каттоо жөнүндө маселесин карап жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) ишин белгилөө үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылынын аймагы аныкталсын.
2. Бекитилген Уставдын жана протоколдун негизинде Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы Кочкорбаев айыл өкмөтүндө катталууга тийиш.
3. Кочкорбаев айылдык кенешинин жооптуу катчысы бул токтомду мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин токтомдорунун реестрине киргизуу жагын камсыз кылсын.
4. Кочкорбаев айыл өкмөтү коомчулуктун инвестициялык ассоциациясына (АКИА) жана анын комитетине Уставдын жана кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповго жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Токбергенов |