Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №30
“Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым пайдаланылбаган беренеден пайдаланыла турган беренелерге жылдырып өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым пайдаланылбаган беренеден пайдаланыла турган беренелерге жылдырып, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кенешинин кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым пайдаланылбаган беренеден аппараттын 2111 беренесинен 500,0 мин сомду пайдаланыла турган беренелерге аппарттын 2214 беренесине 42,0мин сом, 3111 беренесине 323,0мин сом, бала бакчанын 2222 беренесине 35,0 мин сом, орто мектептин 2221 беренесине 100,0 мин сом жылдырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |