Редакцияот 05.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июлундагы № 82/XXI-28

 

А.А.Айбазовдун жер участогун берүү жөнүндө арызын кароо жөнүндө.

Кочкорбаев айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Д.Курманалиев айылынын Шопоков көчөсүнүн №38 дарегинде жашаган жаран А.А.Айбазовдун жер участогун берүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесине ылайык, Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Д.Курманалиев айылынын Шопоков көчөсүнүн №38 дарегинде жайгашкан турак үй куруу жана жеке чарба жүргүзүү үчүн жалпы аянты 2000,0 чарчы метр жер участогун А.А.Айбазовго жеке менчикке берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э. Токбергенов