Редакцияот 05.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июлундагы № 85/XXI-28

 

Кредиттик чегерүүлөрдү которуу зарылчылыгы жөнүндө

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун эркин баланстагы кредиттик ассигнованиелерди бөлүштүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2023-жылдын 13-мартындагы №67/XVIII-28 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

ЖКХ бөлүмүнөн:

2221-статьядан – дренажды тазалоо 900 м. - 619,2 (алты жүз он тогуз миң эки жүз) сомдон жөнөтүлсүн:

-          инвестицияга 280,0 (эки жүз сексен миң) сом суммасында;

-          2215-статьядан – Буденовка айылындагы КТК (катуу тиричилик калдыктары)жана курулуш таштандыларынан аймакты тазалоо 339,2 (үч жүз отуз тогуз мин эки жүз) сом сумасында

-          2221-статьядан маданият үйүн утурумдук ремонттоо – 200,0 (эки жүз миң) сом жана 3111-статьядан Д.Курманалиев айылына трансформаторду сатып алуу жана орнотуу – 250,0 (эки жүз элүү миң) сом 2221 – статьяга, суу мунарасынын тосмосун утурумдук ремонттоого 450,0 (төрт жүз элүү миң) сом суммасында жөнөтүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э. Токбергенов