Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №32
“Алма-Бак участкасындагы муниципалдык менчике кайтарылып алынган 2 га жерге парк уюштуруу жөнүндө”
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевдин мамлекетке кайтарылып алынган 2 га жерге парк уюштуруу боюнча билдирүүсүн Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Алма-Бак участкасынан муниципалдык менчике кайтарылып алынган 2,0 га жер аянтына парк уюшулсун жана тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы жер, турак жай маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевге тапшырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |