Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-сентябры ПЖ № 273
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрү тиркелген тизмеге ылайык канааттандырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |