Документке
Мурунку05.02.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-сентябры № 580

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)

Актыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:

- "Ведомстволук форма кийими" главасынын төртүнчү абзацында "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр "Ички иштер министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

А.У. Жапаров

Жаңы23.09.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-сентябры № 580

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Актыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:

- "Ведомстволук форма кийими" главасынын төртүнчү абзацында "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр "Ички иштер министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жободо:

- 12-пунктта "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу" деген сөздөр "Ички иштер министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.