Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 577-т тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Мннистрлер Кабинети менен
Венгриянын Өкмөтүнүн ортосундагы
Биргелешип фильм тартуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгриянын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,
кинематография жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулуп,
биргелешип фильм тартуу кинематографияны өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттердин ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымын эске алуу менен, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык ар бир Тараптын мамлекетинде фильмдерди тартууга жана пайдаланууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү ниетин ырастап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
а) фильм - чыгармачыл ойдун негизинде көркөм, хроникалдуу-документалдуу, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телекөрсөтүү же башка формада жаралган, кино тасмага же алып жүрүүчүлөрдүн башка түрлөрүнө тартылган сүрөттөрдөн жана бири-бири менен ырааттуу түрдө байланышкан тематикалык бир бүтүн нерсеге бириктирилген кадрлардан турган жана тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен кабылдоо үчүн багытталган киноаудиовидео чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн аз фильм кыска метраждуу фильм болуп эсептелет;
б) продюсер - фильмди каржылоого, тартууга жана/же аны пайдаланууга жооптуу болгон Тараптын мамлекетинин жараны же Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жак;
в) тең продюсерлер - фильмди биргелешип тартуу жана/же аны пайдалануу, анын ичинде аны каржылоого катышуу жөнүндө контракт менен байланышы бар продюсерлер;
г) биргелешип тартылган фильм - Тараптардын тең продюсерлери тарабынан тартылган фильм;
д) улуттук фильм - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык улуттук кинону мамлекеттик колдоонун бардык формалары жайылтылган биргелешип тартылган фильм.
2-берене
"Улуттук фильм" статусун алуунун тартиби жана шарттары ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менен аныкталат (тиркелет). Тараптардын мамлекеттеринин кинематография чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын кабыл алууда жана/же толуктап иштеп чыгууда биргелешип тартылган фильмдерди мамлекеттик колдоонун формасын жана көлөмүн аныктоо укугу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарында сакталат.
Улуттук фильмдин бул артыкчылыктарына аларды берген Тараптын тең продюсери гана ээ болот.
3-берене
Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун берүү жөнүндө чечим ар бир өзүнчө учурда Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан кабыл алынат.
Тартуучулардын (тең продюсерлердин) тиешелүү финансылык төгүмдөрүнүн үлүшү жыйырмадан сексенге чейинки пайызды түзүшү мүмкүн.
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары өзгөчө тартипте жана алардын ортосунда макулдашуу боюнча ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн төгүмдүн өлчөмүн биргелешип тартуунун жалпы бюджетинин он пайызына чейин азайтууга уруксат бере алат.
Аймактарды жана кирешелерди бөлүштүрүү негизинен ар бир фильмди тартууга тең продюсерлердин тиешелүү салымынын пайызына негизделүүгө тийиш.
4-берене
Тараптардын биринин компетенттүү органдарынын биргелешип тартылган фильмге "улуттук фильм" статусун берүү жөнүндө чечими, эгерде фильм ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн "Улуттук фильм" статусун берүү жөнүндө жобонун шарттарына ылайык келбей калса, жокко чыгарылышы мүмкүн.
5-берене
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз мамлекетинин аймагына көркөм-өндүрүштүк персоналдын кирүүсүнө жана чыгуусуна, ошондой эле биргелешкен фильмдерди тартуу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана материалдарды убактылуу ташып кирүүгө жана ташып чыгууга көмөк көрсөтөт.
6-берене
Биргелешип тартылган фильмдердин титрлеринде, ошондой эле жарнамалык продукцияларда фильмдерди биргелешип тартууга катышкан Тараптардын мамлекеттери көрсөтүлөт.
7-берене
Биргелешип тартылган фильмдерди пайдалануу жана жайылтуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен аныкталат.
8-берене
Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун берүү Тараптардын мамлекетин фильмдерди өз аймагында көрсөтүүгө уруксат берүүгө милдеттендирбейт.
9-берене
Ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен же Тараптар макулдашкан башка жол-жоболор аркылуу чечилет.
10-берене
Ушул Макулдашуу Тараптардын ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алган датадан кийин 30унчу (отузунчу) күнү күчүнө кирет.
11-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиешелүү протокол менен таризделет.
12-берене
Ушул Макулдашуу Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону жибергенге чейин күчүндө болот.
Бул учурда ушул Макулдашуу экинчи Тарап жогоруда аталган кабарлоону алгандан кийин 6 айдан кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
20____-жылы "___"___________ ___________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, венгер, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Венгриянын Өкмөтү үчүн |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын биргелешип
тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун берүү жөнүндө
жобо
Ушул Жободо биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун берүү тартиби жана шарттары каралган.
1. Биргелешип тартылган фильмге "улуттук фильм" статусун берүү үчүн ар бир Тараптын мамлекеттеринин компетенттүү органдарына продюсер (тең продюсерлер) тарабынан тиешелүү өтүнмө берилет.
Мыңдай өтүнмө фильмди тартуу башталганга чейин да, тартуу учурунда да, бирок продюсерлердин (тең продюсерлердин) ортосунда өз ара эсептешүүлөр аяктоочу мөөнөттөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
Отүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
1) ар бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык даярдалган фильмдин адабий сценарийи же синопсиси;
2) фильмде пайдаланылуучу чыгармаларга автордук укукту документтик ырастоо;
3) көркөм-өндүрүштүк персоналдын (мындан ары - КӨП) жана аткарылуучу иштин категориясынын, жарандыгын көрсөтүү менен башкы ролдорду аткаруучулардын тизмеси. КӨП болуп ар бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен ушундай деп таанылган адамдар эсептелет;
4) фильмди тартуунун календардык-коюу планы;
5) фильмдин сценарийинин автору жана режиссеру менен колдонуудагы контракт;
6) юридикалык жак болуп саналган продюсерлердин (тең продюсерлердин) утоштуруу документтери;
7) фильмди тартуунун бизнес-планы;
8) продюсерлердин (тең продюсерлердин) ортосундагы биргелешип фильм тартууга контракттын долбоору же колдонуудагы контракт.
2. Продюсерлердин (тең продюсерлердин) ортосундагы контракттын долбоору же колдонуудагы контракт төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) фильмдин аталышы;
2) фильмдин продюсерлеринин (тең продюсерлеринин) аталыштары (аттары) жана/же юридикалык (почта) даректери;
3) фильмдин сценарийинин авторлорунун жана режиссерлорунун аты-жөнү;
4) каржылоо булактарын, анын ичинде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган салыктар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле продюсерлердин (тең продюсерлердин) ар биринин салымын пайыздык бөлүштүрүүнү көрсөтүү менен фильмди тартууга чыгымдардын сметасы;
5) фильмди коммерциялык пайдалануудан түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартиби;
6) фильмди тарзуу мөөнөтү;
7) контракттын шарттарыи аткарбагандыгы үчүн продюсерлердин (тең продюсерлердин) жоопкерчилиги.
Контракты киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор фильмдин жүмушчу көчүрмөсүн даярдоо мөөнөтү аяктаганга чейин Тараптардын компетенттүү органдарына макулдашууга берилет.
3 Продюсерлердин (тең продюсерлердин) ар биринин салымына кеминде бир КӨП бирдиги, башкы ролдордун аткаруучуларынын бири, экинчи ролдогу бир аткаруучу кирүүсү тийиш. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын макулдашуусу боюнча өзгөчө учурларда продюсерлердин (тең продюсерлердин) салымдарынын көлөмүн өзгөртүүгө жол берилет.
4 Продюсерлердин (тең продюсерлердин) тиешелүү финансылык салымдарынын үлүшү жыйырмадан сексенге чейинки пайызды түзүшү мүмкүн.
5 Фильмдерди биргелешип тартуу ар бир Тараптын мамлекетинин КӨП тарабынан ишке ашырылат. Эгерде фильмди жаратуу үчүн зарыл дел табылса, тең лродюсерлер өз ара макулдашкан шартта башка мамлекеттердин КӨП өкүлдөрүнүн катышуусуна жол берилет.
6 Фильмди тартуу Тараптардын мамлекеттеринин аймагында, ал эми зарыл болгон учурларда Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча үчүнчү мамлекеттердин аймагында жүзөгө ашырылат.
7 Продюсерлердин (тең продюсерлердин) ар бири кайсы жерде сакталганына карабастан фильмдин баштапкы материалынын (сүрөт жана үн) тең ээси болуп саналат. Продюсерлери (тең продюсерлери) кыйла көп финансылык салым кошкон Тарап аларды сактоого артыкчылыктуу укукка ээ.
8 Продюсерлердин (тең продюсерлердин) ар бири фильмдин өз тилиндеги версиясынын көчүрмөсүнө ээлик кылууга укуктуу.
9 Продюсерлердин (тең продюсерлердин) ортосундагы бардык өз ара зсептешүүлөр контрактта көрсөтүлгөн фильмди тартуу бүткөн датадан тартып 60 күндүн ичинде аяктайт.
10 Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм статусун берүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык улуттук фильмдин күбөлүгүн берүү жолу менен Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан документ түрүндө таризделет.