Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
ХX сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 20-13
Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарына ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайыкАт-Башы районунун Ат-Башы, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын ичиндеги калктуу конуштарда ири өлчөмдөгү жанаоор салмактагыжүк ташуучу унаалардын айыл ичине баш аламан, ирээтсиз токтоосуна бөгөт коюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана муниципалдык жолдордун пайдалануу мөөнөтүн узартуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын калктуу конуштарында жайгашкан ички муниципалдык жолдоргоири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүк ташуучу унаалардын кыймылыначектөө киргизилип, айылды айланып өтүүсү белгиленсин;
2. Жол кыймылынын катышуучуларына жолдо коопсуз жүрүү шарттарын түзүү максатында ири өлчөмдөгү жанаоор салмактагы жүк ташуучу унаалардын айылдын ички жолдоруна токтотулушуна тыюу салынсын;
3. Муниципалдык жолдорго ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салган жол белгилери орнотулсун;
4. Ат-Башы айыл аймагында ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынган жолдордо ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө бөгөт коюу, көзөмөлдөө, эрежени бузган айдоочуларга мыйзамдарга ылайык чара көрүү жагы Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө тапшырылсын;
5. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүк ташуучу автоунааларга тиешелүү шарттар түзүлүп, борборлоштурулган унаа токтоочу жай ачуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин;
Төрага | Э. Толубаев |